Таштанды менен күрөшөлү! Алия Шагиева акыр-чикирдин арасынан фотосессия кылды

Таштанды менен күрөшөлү! Алия Шагиева акыр-чикирдин арасынан фотосессия кылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Instagram баракчасына таштандынын арасында жаткан сүрөттөрүн жарыялады.

Ал айлана чөйрөнү коргоо жана таштанды менен күрөшүүгө чакырып, атайын сүрөткө түшкөн.

Биринчи сүрөттө анын чемодандын үстүндө отурганын көрүүгө болот. «Чемоданда эмне бар? Бардык жерде мунун көлөмү өсүп жатат. Жагдай көңүл чөктүрүп, ойлонууга мажбурлайт. А биз кол куушурабыз,  башыбызга чочуткан ойлор чуркап келет: “Биз бир нерсе жасай алабызбы?” Эмне кылабыз? Кырдаалды жөнгө салуу үчүн башкы эреже – өзүңүздөн баштаңыз”, – деп жазган Шагиева.

Шагиеванын айтымында, ага экология темасын камтыган фотосессияга сунуш түшкөн. “Муну менен мен баары жаман же адам баласы кандай коркунучтуу экенин айткым келбейт. Анткени баары жаман эмес, адамзатка деген үмүт дагы да бар. Мен дүйнөгө ишенем”, – дейт Шагиева.

 

View this post on Instagram

 

A post shared by Aliya Shagieva (@chestnayaaa)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>