Кара-Сууда сейил бакта иштеп жаткан жумушчуларды топ балдар сабап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Кара-Сууда сейил бакта иштеп жаткан жумушчуларды топ балдар сабап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Оштун Кара-Суу районунда сейил бакта иштеп жаткан жумушчуларды сабоого шектелип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 12-апрелде Кара-Сууда 34, 29 жана 28 жаштагы жарандар сабалып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу милицияга кабарланган.

Аталган факт боюнча териштирүү жүрүп, милиция аныктагандай, ооруканага түшкөн жарандар Кара-Суу шаарындагы сейил бакта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканда, топ балдар келип, аларды ур-тепкиге алып, сабап кеткен.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2004-жылы туулган К.С., 2005-жылы туулган К.Ф., 2001-жылы туулган М.И., 2006-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар кармалды.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>