Словениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп бердиБишкекте OLGA деген ысым жазылган мамлекеттик номери бар унаа байкалды — МККБ эмне дейтТаш-Көмүр шаарында балдардын көркөм өнөр мектеби ачылат
Тоңдо жетекчи жок айдоочусуна айлык чегерип келген
30.04.2024 | 12:21
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы К.А.К. кармалып, 2 айга камалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион сомдон ашуун акчаны максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө.
Чиновник “Социалдык байланыш” чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоордун алкагында, Тоң районунун беш жашоочусуна бир жолку финансылык жардамды мыйзамсыз алууга шарт түзүп берген.
К.А.К. кызматтык автоунаанын ижарасы жөнүндө жалган документтерди даярдап, иштебеген айдоочуга эмгек акы жана өргүү төлөмдөрү мыйзамсыз эсептеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом