Алмамбет Салиев дагы эки айга камакта калтырылды

Алмамбет Салиев дагы эки айга камакта калтырылды

Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Салиев 2025-жылдын 4-январына чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, УКМК Салиевди быйыл сентябрь айынын аяктарында кармаган. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген мурдагы чиновник 4-ноябрга чейин камакка алынган. Ал Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болгон.

Алмамбет Салиев УКМК тарабынан биринчи жолу кармалып жаткан жок. Ал 2021-жылы июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Атайын кызмат билдиргендей, Салиев кайсы бир компаниялардын, адамдардын кызыкчылыгын колдоп, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, сот тутумунун ишине кийлигишкен. Ошондой эле анын мамлекеттик кызматта иштеп турганда тапкан кирешесинен топтогон байлыгы көп болуп чыккан. Ал ошол байлыгын курулуш компаниясына жумшаган.

Ошол эле жылы декабрда үй камагына чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>