БШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайыКеминде психиатриялык оорукана саркынды сууну арыкка төккөнү үчүн айыпка жыгылдыПакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылды
Укук коргоо органдары журналисттердин жеке маалыматтарын чогултууда
04.11.2024 | 12:38
Өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери тууралуу маалымат чогултушкан. Бул тууралуу аталган басылма билдирди.
Басылма жазгандай, “УКМКнын кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар “ПолитКлиника” медиасынын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жакын туугандарына жана журналист Адахан Аманатовдун мектебине барып, жеке маалыматтарын сураштырышкан.
Редакция келген адамдардын өздүгүн аныктоо мүмкүн болболгонун, аталган факт боюнча расмий органдардан маалымат алууга аракет кыларын белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом