Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалды
03.07.2024 | 17:07
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы Галмамат Анапияев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө.
УКМКнын маалыматы боюнча, Галмамат Анапияев бир жаранга (М.А.) көмүрдү ири өлчөмдө жана арзан баада (тоннасын 1,6 миң сомдон) сатам деп 100 миң долларын алып, алдап кеткен. Ал убадасын аткарбай же алган акчаны кайтарбай жүргөн.
Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом