Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Алматада атасы эки уулун мууздап салган
10.01.2024 | 16:58
Алмата шаарында 8 жана 12 жаштагы балдарды өлтүрүүгө 39 жаштагы атасы шектелүүдө. Бул тууралуу казак медиалары жазып чыкты.
Окуя 4-январда болгон. Мектеп окуучулары Ринат менен Рафаэль атасы менен бейтапканага баруу үчүн кетишкен. Бирок жаран уулдарын ижарага алган батирге алып барган.
Маалыматта караганда, балдардын экөө тең мойну кесилген. Шектүү кылмышын телефонго видеого тартып, аны өзүнүн эжесине жана мурдагы аялына жөнөткөн.
Кошуналар батирден чыккан кыйкырыктан улам полиция чакырышкан.
Шектүү аялы менен 9 жыл мурда ажырашып кеткен. Ал балдарын мууздаган кийин өзүнө дагы бычак сайгандыктан, учурда ооруканада дарыланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал