Алагөзөв президент Жапаровдун атын жамынып, элди алдагандар чыгып жатканын билдирди

Алагөзөв президент Жапаровдун атын жамынып, элди алдагандар чыгып жатканын билдирди

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв Садыр Жапаровдун атын жамынып, көз боемочулук кылган адамдар чыгып жатканын билдирип, жарандарды шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

Анын айтымында, соцтармактар аркылуу шылуундар жарандарга аз акча салып, кыска убакта көп акча табууну убадалап, ага Садыр Жапаров кепилдик кыларын билдирүүдө.

“Урматтуу социалдык тармактардын колдонуучулары, акыркы убакта президент Садыр Жапаровдун атын жамынып социалдык тармакта ар кыл көз боемочулук аракеттерге баргандар чыгууда.

Алар аз каражат салып, кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>