Бишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда
Алматыдагы мелдешке кыргызстандык 111 дзюдочу катышат
07.04.2023 | 17:03
Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курамасы Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган Бекет Махмутовдун жаркын элесине арналган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеш 7-9-апрель күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Гонконг, Греция, Грузия жана АКШдан келген 400 дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандан 111 спортчу жана 25 калыс барат.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш быйыл алтынчы ирет өтүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз