Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» ишканасына барды

Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» ишканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасына барды. Министрлер кабинетинин башчысын “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдраимов коштоп жүрдү.

Буга чейин Министрлер кабинетинин жыйынында “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга 15 жылдык мөөнөткө берүү чечими кабыл алынганы белгиленди.

Минкаб башчысы заводдун аймагын, туунду ишканалардын цехтерин жана “Кыргызиндустрия” ААКнын карамагына өткөн объектилерди көрүп чыкты.

“Кыргызиндустрия” ААКны түзүүнүн негизги максаты — жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандыруу болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.

Жапаров чакан ишканаларды ишке киргизүү өлкөнүн өнөр жай тармагын гана жандандырбастан, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрөрүн белгиледи.

Ошондой эле, ал Экономика жана коммерция министрлигине келип, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын жана «Кыргызиндустрия» ААК аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорго байланыштуу жыйындарды өткөрдү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>