БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Алмазбек Атамбаев башка колонияга которулду
18.04.2022 | 12:34
Абактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына которулду. Бул туурасында анын тарапташтарынын бири Канат Сагымбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирип чыкты.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранган. Бир жылдан ашык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Атамбаев 2019-жылы “Батукаев чуусу” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат