Садыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске бардыМамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыктыКыргызстанда жыл сайын 1 миллионго жакын көчөт отургузулатБишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалды
Жаңы ак үйдү кайсы компания салаары ачыкталды
18.04.2022 | 12:48
Президентинин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.
Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.
Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат