Алты айда жарандар мүлкүнө 2,1 миллиард сом салык төлөдү

Алты айда жарандар мүлкүнө 2,1 миллиард сом салык төлөдү

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын алты айында 2,1 млрд сом мүлк салыгын чогултту.

Анын ичинде кыймылдуу мүлк салыгы боюнча 349,06 млн сом салык чогултулган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,2 млн сомго көп.

Кыймылсыз мүлк боюнча салыктын суммасы 952,3 млн сомду түздү. Салыктын бул түрү боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 76,4 млн сомго көп чогултулган.

Мындан сырткары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча түшүүлөр 793,6 млн сомду түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,08 млн сомго көп.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражатына, турак-жай мүлкүнө жана үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндөгү айып салынат. Мындан сырткары, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндө туум кошулат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>