ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Алтынбек Эргешов президенттин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды
04.07.2022 | 14:09
Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүу буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Алтынбек Эргешов буга чейин Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштеп келген.
Ага чейин өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылга чейин ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат