Алтынчы кайрымдуулук марафону Snow Leopard Run өзү менен эмне алып келет? 

17.09.2025 | 15:32

21-сентябрда, жекшемби күнү, Бишкекте алтынчы Bishkek Snow Leopard Run марафону болуп өтөт. Жарыш төрт дистанцияда: 5, 14, 21.1 жана тарыхта биринчи жолу 42.2 км өткөрүлөт. 5 км аралыктагы жарыш «Манас» кинотеатрынан башталса, 14, 21.1 жана 42.2 км аралыкка чуркоолор «Ала-Тоо» аянтынан саат 7:00дө башталат. Ошондой эле 1 кмге чейинки аралыкта балдардын чуркоосу дагы күтүлөт. 

Nomad Sportтын башкы директору Арслан Малдыбаев алдыда өтө турган марафон тууралуу журналисттерге кеңири маалымат берди. Анын айтымында, быйыл 5 миңден ашуун катышуучу, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн коноктордун ири агымы келиши күтүлүүдө. Эң узак 42.2 км аралыкка чуркоо боюнча 250гө жакын адам кайрылса, алардын 70% чет элдик коноктор.

Арслан Малдыбаев Snow Leopard Run марафону Turkic Alliance of Long Runs (TAN) жарыштарынын сериясына кире тургандыгын билдирди. Бул серияга Бишкектен тышкары Алматы, Түркистан, Самарканд жана Баку шаарларындагы марафондор да кирет. Болжол менен 3 жылдын ичинде спортчу бардык 5 сериядагы жарышты аяктагандан кийин, бул жетишкендиги үчүн атайын медалга татыктуу болот.

Салт боюнча, марафондун катышуучуларынан чогултулган каражаттардын бир бөлүгү ак илбирстин популяциясын жана анын экосистемасын сактоого жумшалат. Буга чейинки жарыштарды өткөрүүнүн натыйжасында фотокапкандарды сатып алуу жана орнотуу, жетүүгө кыйын аймактарды текшерүү үчүн жол тандабас сатып алуу долбоорлору ишке ашырылган. Ошондой эле 2024-жылкы жарыштан түшкөн каражатка Nomad Sport атайын формаларды сатып алган:

«Чогулган каражат флора менен фаунаны браконьерлерден сактап, айлана-чөйрөнү коргоо менен алектенген, көзгө көрүнбөгөн фронттун жоокерлери – корукчуларды колдоого жумшалды. Биз Кыргызстандын бардык аймактарындагы корукчуларга жекече, атайын тигилген кийимдерди жиберип жатабыз», – деп бөлүштү Арслан Малдыбаев.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев жаратылышты сактоо жана колдоодо жарандык демилгенин маанилүүлүгүн белгилеп, жарышка жеке өзү да катыша тургандыгын кошумчалады.

«Биз жапайы жаныбарлардын популяциясын сактоо жана калыбына келтирүү тармагындагы мамлекеттик орган катары бардык активдүү жана жоопкерчиликтүү жарандар менен иштешүүгө кызыкдарбыз. Алардын катарындагы Nomad Sport компаниясы менен жаңы фотокапкандарды орнотуп, 2019-жылдан бери кызматташып келебиз», – деп белгиледи Кумар Мамбеталиев. 

Өз кезегинде «Илбирс Фонду» коомдук бирикмесинин директору Заирбек Кубанычбеков уюмдун иши жана ак илбирстин популяциясын колдоо жана изилдөө эмне үчүн маанилүү экендигине токтолду: 

«Ак илбирс – бул экосистеманын көрсөткүчү. Эгер ал жок болуп баратса, бул табиятта бир нерсе туура эмес дегендин билгиси. Мисалы, алардын жеми жетишсиздигин же бул экосистемада дагы бир масштабдуу көйгөйдүн бардыгынан кабар берет», – дейт Заирбек Кубанычбеков.

Анын айтымында, «Илбирс фонду» ак илбирстин популяциясына таасир этүүчү бардык негизги аспектилерди, оорулар жана климаттын өзгөрүүсүнөн баштап, жергиликтүү калк менен болгон келишпестиктерге чейин изилдеп чыгуу менен алектенет. Фонддун директору ошондой эле быйылкы марафондо чогулган акчагага корукчулар үчүн кесипкөй көзөмөлдөөчү түтүктөрдү сатып алуу пландалып жаткандыгын белгиледи.

Рубрики: Спорт
Scroll to Top