Белгилүү акын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, шаар мэри Айбек Жунушалиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышкан.
Чыңгыз Эсенгул уулу уй-музейди оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон фонддун президенти Актоты Раимкуловага ыраазычылык билдирген.
«Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат турат. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар», — деп билдирет министрлик.
Алыкулов Осмонов 1915-жылы жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы көз жумган.
Акындын үйү Бишкекте «Сокулук көчөсү 10» дарегинде жайгашкан. Осмонов аны 1945-жылы сатып алып, өмүрүнүн аягына чейин — 1950-жылдын 12-декабрына чейин жашаган. Ал үй 1941-жылы салынган. Акыркы жолу оңдоо иштери 2000-жылдары жүргүзүлгөн. Үйдү оңдоо иштерин жүргүзүү керектиги бир нече жылдан бери айтылып келе жаткан.
Быйыл сентябрда үйдү оңдоо үчүн тендер жарыяланып, ал үчүн 8,5 млн сом каралганы белгилүү болгон.
Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин 8,2 млн сомго оңдоо пландалууда