Аманбаев Бишкек мэриясынын жамаатына Түлөбаевди тааныштырды

Аманбаев Бишкек мэриясынын жамаатына Түлөбаевди тааныштырды

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевди мэриянын эмгек жамаатына тааныштырды.

Бактыбек Аманбаев Түлөбаевдин шаар башкармалыгында буга чейин иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгилеп, анын алдында кышка даярдануу милдети тургандыгын айтты.

Өз кезегинде мэрдин милдетин аткаруучу өзүнө ишеним көрсөткөндүгү үчүн президенттин милдетин аткаруучуга ыраазычылыгын билдирип, азыр иштей турган учур экендигин баса белгиледи.

Балбак Түлөбаев буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>