Америкалык Netflix компаниясы көк бөрү тууралуу документалдуу фильм тартты

Америкалык Netflix компаниясы көк бөрү тууралуу документалдуу фильм тартты

Көк бөрү оюну тууралуу Netflix компаниясы документалдуу фильм тартты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фильм жана сериалдарды тартуучу Америкалык компания Netflix дүйнө элдеринин улуттук оюндары тууралуу бир нече сериядан турган документалдык берүүлөрдү тарткан. Анын алкагында көк бөрү оюну тууралуу да берүү даярдаган.

«Бул берүүлөрдүн көк бөрү оюнун таанытууда жана жайылтууда маанилүүлүгүн эске алып, Дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын аймагында тасманын тартылуусуна өз салымын кошту», — деп айтылат билдирүүдө.

Фильмдин трейлерин бул жерден көрө аласыздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>