«Апамды жетекчилик кордоодо» 9 жаштагы кыз Ташиевден Жаңы жылга белек катары мектебин текшерүүнү суранды — видео

«Апамды жетекчилик кордоодо» 9 жаштагы кыз Ташиевден Жаңы жылга белек катары мектебин текшерүүнү суранды — видео

Кемин шаарындагы 9 жаштагы кыз апасына кылган мектеп жетекчилигинин ырайымсыздыгы тууралуу айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган.

Видеодо кыз өзүн Асема Шакирова деп тааныштырып, ал Кемин шаарындагы  Жалил Сыдыков атындагы №1 мектепте 3 жылдан бери окуй турганын билдирген.

«Пандемия маалында үйүндө ун жок калып, апасы мектепке тамакка төлөгөн акчаны мектеп директорунан сураган. Директор апамды бул акчаны эмнеге сурайсың деп, ушул күнгө чейин кордоп келет. Камчыбек ата жаңы жылдык белек катары сизден Кемин шаарындагы №1 мектепти текшерип, апама көңүл буруп коюңузду суранам. Апамды мектептин администрациясы кордогонунан  апам эс-учун жоготуп койду. Андан кийин тез жардам кызматы келип, ага жардам берген. Эгер ага бир нерсе болсо, иним экөөбүздү ким багат», — деп кыз көзүнө жаш алган.

Бул иш боюнча Ташиев жеке өз көзөмөлүнө алып, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына мектепти текшерип чыгууну тапшырган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралып жатат, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>