«Апрель элдик революциясынын баатырларына» берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган категориядагы жарандар буга чейин 3 миң 700 сом алышса, эми 4 миң 500 сом алат.
Министрлик маалыматында, жөлөк пул 411 адамга берилет.
Алардын 194ү — 18 жашка чейинки балдар, 215и — майыптыгы бар адамдар жана аталган окуяда каза болгон эки жарандын ата-энеси.
Белгилей кетсек, 2021-22-жылдары чек арада каза болгон жарандардын үй-бүлөсү дагы «Апрель элдик революциясынын баатырларына» берилүүчү жөлөк пулду алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз