Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
“Апрель революциясынын баатырларынын” жөлөк пулу көбөйдү
09.01.2024 | 12:18
“Апрель элдик революциясынын баатырларына” берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган категориядагы жарандар буга чейин 3 миң 700 сом алышса, эми 4 миң 500 сом алат.
Министрлик маалыматында, жөлөк пул 411 адамга берилет.
Алардын 194ү – 18 жашка чейинки балдар, 215и – майыптыгы бар адамдар жана аталган окуяда каза болгон эки жарандын ата-энеси.
Белгилей кетсек, 2021-22-жылдары чек арада каза болгон жарандардын үй-бүлөсү дагы “Апрель элдик революциясынын баатырларына” берилүүчү жөлөк пулду алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом