Видео: Түптө ишкердин үйүнө кирип, каракчылык кылгандар кармалды

Видео: Түптө ишкердин үйүнө кирип, каракчылык кылгандар кармалды

Ысык-Көлдүн Түп айылында ишкердин үйүнө кирип, каракчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 31-декабрда болжол менен саат 05:00до жергиликтүү тургундардын үйүнө беткапчан эки адам терезе аркылуу үйгө кирип, карактап кетишкен. Ошол учурда үйдө үй ээси, анын аял жана баласы болгон. Куралчан кылмышкерлер алгач аял жүргөн бөлмөгө кирип, акча талап кылып, сабай башташкан. Бөлмөгө кирип келген жолдошунун башына темир менен бир нече жолу уруп, байлап коюшкан. Андан кийин, алар бычак менен коркутушуп, аялдан жана анын жашы жете элек уулунан акча, баалуу буюмдарын талап кыла башташкан. Жабырлануучулар коркконунан сейфтин ачкычын берген. Бирок кылмышкерлерге сейфтен алгандары аздык кылып, дагы акча талап кылышкан. Андан кийин кылмышкерлер сумкадагы акчаны жана уюлдук телефондорду алып, качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр – 35 жаштагы Б.Р. жана 36 жаштагы О.Ф. Бишкектен кармалган. Кармалгандардын бири Б.Р. жасалма документ жасагандыгы үчүн Россияда издөөдө жүргөн, ал эми экинчиси мурда соттолгон. Экөө тең Түп районунун тургундары болушат.

Учурда алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>