АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Салыкка карызыңыз барбы? Эми аны “жеке кабинеттен” көрө аласыз
09.01.2024 | 11:47
Жарандар салыкка карыздары тууралуу маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтындагы “жеке кабинетинен” ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мындан ары карызды төлөө жөнүндө билдирүү сайттагы ар бир жарандын бөлмөсүнө жиберилет. Жаран “жеке салык кабинетине” киргендигине же кирбегендигине карабастан, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып 5 күндөн кийин маалымат жетти деп эсептелет. Андан кийин дагы 15 күн убакыт берилет.
Убагында төлөнбөгөн карызды Салык кызматы мыйзам чегинде төмөнкүдөй чара аркылуу өндүрүп алат:
- банк эсебинен талашсыз өндүрүү,
- салык постун орнотуу,
- чыгууга чектөө,
- соттук өндүрүп алуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика