Ара-Көлдө балдарды унаасы менен сүйрөгөн айдоочу айыпка жыгылды — видео

Ара-Көлдө балдарды унаасы менен сүйрөгөн айдоочу айыпка жыгылды — видео

Ара-Көл көлүндө авто ээнбаштык жасаган айдоочуга 7500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда Кочкор районундагы Ара-Көл көлүндө муз үстүндө  “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаа жаш балдарды чанага отургузуп, аларды сүйрөп жаткандыгы боюнча видео жарыяланган.

Бул факты боюнча Кочкор РИИБдин ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, унаанын айдоочусуна 7500 сом айып салуу менен унаасын убактылуу токтотуучу жайына киргизишкен.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ара-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>