Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ара-Көлдө балдарды унаасы менен сүйрөгөн айдоочу айыпка жыгылды – видео
12.01.2023 | 17:28
Ара-Көл көлүндө авто ээнбаштык жасаган айдоочуга 7500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда Кочкор районундагы Ара-Көл көлүндө муз үстүндө “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаа жаш балдарды чанага отургузуп, аларды сүйрөп жаткандыгы боюнча видео жарыяланган.
Бул факты боюнча Кочкор РИИБдин ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, унаанын айдоочусуна 7500 сом айып салуу менен унаасын убактылуу токтотуучу жайына киргизишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом