Активист Адилет Балтабай 5 жылга эркинен ажыратылды

Активист Адилет Балтабай 5 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 12-январда Бишкекте шаардык сотунда жарандык активист Адилет Балтабайдын иши боюнча соттук отурум өтүп, ал 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын жактоочусу Такен Молдокулов билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Молдокуловдун айтымында, Адилет Балтабайга карата райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, ал сот залынан камакка алынган. Эми алар Жогорку сотко кайрылат.

«Жогорку сотко кайрылууга укугубуз бар. Эртең өкүмдү алсак, кассациялык тартипте Жогорку сотко кайрылабыз», — деди ал.

Анын айтымында, Адилет Балтабай алгач убактылуу кармоочу жайда, андан кийин тергөө абагында кармалат. Андан соң Жазаларды аткаруу кызматынын бөлүштүрүшү менен абакка которулат.

Активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова билдиргендей, райондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча арыз менен шаардык сотко прокурор кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган.

Сот жарандык активист Адилет Балтабайга өкүм чыгарды — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>