Баткендин Арка-2 айылындагы үйдө снаряд жарылып, аял менен кызы жабыркады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Чек кызматы билдиргендей, окуя 5-январда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, үй кожойкеси (А.Н.) эски курулуш материалдар жана темир-тезек жаткан бастырманын алдын тазалап жатып, белгисиз жарыла турган затты (снаряд) таап алган. Ал жарылып кетип, аял жана ага жакын жерде турган 12 жаштагы кызы сыныктардан жараат алган.
Аталган аялдын үйү 2022-жылы чек арадагы куралдуу кагылышта аткыланып, тамы күйүп кеткени белгилүү.
Учурда алар ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Алардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Жерине Чек ара кызматынан инженерлери барып, тегерек четти курчоого алган. Ошондой эле жеринде укук коргоо органдары иш алып барып, окунын чоо-чайы аныкталууда.
Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары жолугушуп, аталган окуя тууралуу тажик тарапка кабар берилген.
Чек ара кызматы чек арага жакын жашаган тургундар белгисиз күмөндүү заттарды таап алса, ага тийбөөнү жана аларга же укук коргоо органдарына дароо кабар берүүгө чакырат.