Армениялык жана абхазиялык номерлер менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат

Армениялык жана абхазиялык номерлер менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат

Президент Садыр Жапаров чет жактан ташылып келген чет өлкөлүк номерлер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, чет элдик номер тагылган, анын ичинде Армения жана Абхазиядан келген унааларды 3 баскычта мыйзамдаштыруу жүрөт. Биринчи тиешелүү документтери барлар, экинчи документтери жок, бирок техникалык абала жакшы унаалар мыйзамдаштырылат. Үчүнчү болуп документтери жок унааларды тетикке сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө же утилизация кылууга (ж.б.) мүмкүндүк берилет. Мыйзамдаштыруунун жол-жобосун, ал үчүн канча жыйым алынарын өкмөт белгилейт.

Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына тиешелүү документтери жок чет элдик номер тагылган унааларды өлкөгө айдап кирүүгө, ага ээлик кылууга тыюу салынат. Чет элдик жарандардын өлкөгө унаа менен киргени, Кыргызстанда жүргөн убактысы көзөмөлгө алынат. Алар келген унаасын өлкөдөн чыгарып кетиши керек болот.

Андан тышкары чет жактан унаалардын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салынмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда абхазиялык жана армениялык номер менен жүргөн унаалар токтотулуп, айып короого коюла баштаган. Ага байланыштуу парламентте аталган унаалар боюнча мунапыс жарыялап, аларды каттатып алууга уруксат берүү сунушталган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия жана Армениядан алып келинген унаалар боюнча жыйын өткөрүп, аталган маселени чечүү жолдору талкууланган.

Ташиев Абхазия жана Армениядан алып келинген унаалар боюнча жыйын өткөрдү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>