Артем Новиков Баткендеги өрттөнүп кеткен мектепке барды

Артем Новиков Баткендеги өрттөнүп кеткен мектепке барды

Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусундагы иш сапарында Баткен районундагы Чоң-Талаа айылында бүгүн өрттөнүп кеткен мектептен кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик органдары менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.

«Мектептин имаратын калыбына келтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет», — деген Артем Новиков. 

Мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген.

Бүгүн эртең менен өрт чыккан учурда мектепте балдар болгон эмес, жаракат алгандар жок.

Белгилей кетсек, бүгүн Артем Новиков эки күндүк иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>