Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Арызыңарды жаза бергиле! Президент чиновниктерге эскертүү берди
20.08.2022 | 16:39
Президент Садыр Жапаров министрлик жана ведомстволордун санарипке өтүү темпи жай жүрүп жаткандыгына нааразы.
Мамлекет башчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда чиновниктерге эскертүү берди.
“Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, “Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң” деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. “Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз” дегендер деп билебиз”, – деп жазган Садыр Жапаров.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом