Ассоль Молдокматова: бийликти сындаганым үчүн коркутуулар башталды

Ассоль Молдокматова: бийликти сындаганым үчүн коркутуулар башталды

Белгилүү телеалпаруучу Ассоль Молдокматова анын бийликке карата айткан сыны үчүн коркутуулар болуп жатканын Фейсбук баракчасына жазды.

«Бийлик көпкө күттүргөн жок, мага баштан ылдый ылай төгүүнү баштады. Мен саясаттан сырткарымын  бирок ага карабастан мени үчүнчү тарап аркылуу буйрутма кылышты», — деп жазды Молдокматова.
Мындан көп узабай Фейсбук баракчасы аркылуу ага коркутуулар башталганын кабарлады.

» Мени ачык коркута башташты!! Мен айткан чындык жакпай жатат»-деп жазган алып баруучу айым.

Бүгүн, эртең менен Ассоль Молдокматова  учурдагы абал тууралуу пикирин айтып, видеокайрылуу жасаган. Анда ал абал оор экенин, бирок ага карабай элди жалган маалымат менен башын айлантып жатканын айткан.

“Калк өлүп жатат, ал эми жалган жамгырдай жаап жатат. Бийлик, массмедиа ооруканаларда орун жетиштүү дейт, бирок эл өлүп жаткандарга түртүшүп жүрүп араң орун алууда. Медициналык каражаттар жетишпейт, баары тартыш. Бул гуманитардык катастрофа, бийлик муну моюнуна алуусу керек”, – деген эле Ассоль Молдокматова кайрылуусунда.

[su_image_carousel source=»media: 34276,34277″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>