Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттеринин башчылары жолукту

Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттеринин башчылары жолукту

Бүгүн, 10-июнда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин III жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы  катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Нурланбек Тургунбек уулу жыйында сөз сүйлөп, эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттырууда парламенттер аралык кызматташтыктын салымы зор экенин белгилеп, бул багытта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген.

«Дүйнөдө кыргыз менен казактан өткөн жакын эл жок. Андыктан, эки эл заман шартына, учурдун талаптарына ылайык кызматташтыкты кеңейтип, өнөктөштүктү жаңы багытта өнүктүрүүбүз кажет. Мында негизги мыйзам чыгаруучу орган катары эки өлкөнүн парламенттеринин ролу чоң”, — деген ал.

Ошондой эле ЖК төрагасы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолуп, өткөн жылы Бишкекте жана Астанада кыргыз-казак бизнес форуму ийгиликтүү өткөнүн, анда 308 млн долларлык келишимдерге кол коюлганын кошумчалаган.

“Мамлекеттер аралык соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатында да керектүү иштерди алып барышыбыз керек. Айрыкча биргелешкен соода-логистикалык комплекстерди куруу жана өнөр-жай тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү учур талабы. Андыктан эки өлкөнүн парламенттери аталган багыттагы макулдашуулардын аткарылышын мыйзамдык жактан колдоого алып, алакалардын жаңы багыттарын аныктоого көмөк көрсөтүшүбүз зарыл”, — деген Нурланбек Тургунбек уулу.

Мындан тышкары ал соңку учурларда эки өлкө ортосунда маданий-гуманитардык кызматташтык да жигердүү улантылып жатканын айткан.

Ал эми Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов да бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы демилгелери менен бөлүшкөн. Ал калыптанган байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин айтып, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгына токтолгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>