19-январга карата аба ырайыКызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейт
Асылбек Жээнбеков бийликти алып түшүүгө каршы экенин билдирди
06.10.2020 | 09:44
Ош шаарында Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары чогулууда. 100дөн ашык киши топтолгон борбордук аянттагы акцияга лидер катары президенттин иниси Асылбек Жээнбеков чыгып, бийликти алып түшүүгө каршы экенин билдирди. Ал кырдаалды Конституциялык жол менен жөнгө салуу керек деген пикирди карманууда.
Митингге чыккандардын арасында президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары жана шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор бар.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Жогорку Кеңештин жана УКМКнын имаратын басып алышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат