Москвада өткөн эл аралык Maxima Masters мелдешине ат спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спортчулары катышты.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдештер секирүү дисциплинасы боюнча өтүп, Кыргызстандын атчандарынан тышкары Орусия жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты.
Кыргызстандык спортчулар 11 медалга ээ болушту:
— Ринат Галимов 2 коло, 2 күмүш жана 1 алтын медаль топтоду;
— Камил Сабитов — 2 коло, 1 күмүш жана 1 алтын медаль;
— Андрей Тряпицин — 2 күмүш жана 1 алтын медаль.
Чабандестер Евразия чемпионатына даярданып жатышат.
Буга чейин чемпионаттын алгачкы үч этабы Ташкент, Бишкек жана Алматы шаарларында өткөн. Акыркы бешинчи этап августтун башында Москвада да өтөт.