Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ат спорту: Эл аралык мелдеште кыргызстандыктар 11 медалга ээ болушту
13.07.2022 | 10:22
Москвада өткөн эл аралык Maxima Masters мелдешине ат спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин спортчулары катышты.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдештер секирүү дисциплинасы боюнча өтүп, Кыргызстандын атчандарынан тышкары Орусия жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты.
Кыргызстандык спортчулар 11 медалга ээ болушту:
– Ринат Галимов 2 коло, 2 күмүш жана 1 алтын медаль топтоду;
– Камил Сабитов – 2 коло, 1 күмүш жана 1 алтын медаль;
– Андрей Тряпицин – 2 күмүш жана 1 алтын медаль.
Чабандестер Евразия чемпионатына даярданып жатышат.
Буга чейин чемпионаттын алгачкы үч этабы Ташкент, Бишкек жана Алматы шаарларында өткөн. Акыркы бешинчи этап августтун башында Москвада да өтөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт