«Альянс Алтын» компаниясы өлкөдөгү спорттун өнүгүшүн колдойт

«Альянс Алтын» компаниясы өлкөдөгү спорттун өнүгүшүн колдойт

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду.

Компания ишин баштагандан тарта эле Талас облусунун спорт тармагына өзгөчө көңүл бөлүп, колдоп келе жатат. Ар кандай мелдештерди өткөрүүгө жана чет өлкөдө өтүүчү чемпионаттарга бара турган спортчуларга акчалай каражат менен жардам берип келет.

«Спорт тармагына жардам берүү менен биз дени сак жашоо образын жайылтууга салым кошуп жатабыз. Элдин саламаттыгы канчалык чың болгон сайын, өлкөнү өнүктүрүүгө болгон күчү ошончолук артат деп эсептейбиз. Ошондой эле спорт жаатындагы ийгиликтер өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы аброюн арттырат.  Спортчулардын ийгилигине кубануу бардык муундагы, ар кыл тармактарда эмгектенген адамдардын башын бириктирип, элдин мекенине болгон сүйүүсүн ойготот», — деди макулдашууга коюп жатып, «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов.

Ал эми УОКтун президенти Садыр Мамытов болсо, «Альянс Алтын» ишканасынын КР экономикасына кошуп жаткан чоң салымын, кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашыруу менен Талас облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө активдүү катышып жаткандыгын белгиледи.

«Альянс Алтындын» демилгеси жана колдоосу менен көптөгөн турнирлердин өтүп жатышы биз үчүн өтө жагымдуу. Компаниянын аркасы менен Талас облусунун ондогон спортчулары эл аралык турнирлерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретүүгө жетишти», — деди ал.

«Альянс Алтын» ишканасы үчүн Улуттук олимпиадалык комитетти колдоого алуу өтө сыймыктуу иш.

“Спорт тармагын активдүү түрдө өнүктүрүп, кызыктуу долбоорлорду ишке ашырып жатканыңарды жана ошондой эле 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына карата даярдыгыңарды биз көрүп жатабыз”, — деген Сабир Рахматов – “буга чейинки Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасы көп ийгиликтерге жетишти, кийинкиде мындан да мыкты болсун! Буга биздин жардамыбыз тийе турган болсо, өтө кубанычта болобуз” — деп кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>