Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
Атабек Азисбеков Кытайдагы Азия оюндарында 5-орунду ээледи
04.10.2023 | 18:49
Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында 5-орунга ээ болду.
Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 87 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.
Биринчи беттеште кыргызстандык спортчу Ирандын өкүлүнө утулуп, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Кайталоо турниринин биринчи беттешинде Азисбеков түркмөнстандык спортчуну жеңип, бирок коло үчүн күрөштө Индиянын өкүлүнө утулуп калды.
Жыйынтыктоочу протоколдо кыргызстандык балбан 5-орунду ээледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт