Атамбаев башка колонияга которулат

13.04.2022 | 12:01

Бүгүн, 13-апрелде Октябрь окуясы боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда уланды. Бул ирет сотко айыпталуучулардын бири экс-президент Алмазбек Атамбаев алып келинген жок.

Каракол шаардык сотунда анын дагы бир иши бар болгондуктан, сотко жактоочудан тыныгуу жарыялоо өтүнүчү келип түшкөн.

Сот отуруму 15-апрелге саат 10:00гө жылдырылды.

Ал эми экс-президенттин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев Атамбаев дүйшөмбү-шейшемби күндөрү башка колонияга которуларын билдирди.

Scroll to Top