Балбак Түлөбаев мыйзам долбооруна өтө өкүндү

Балбак Түлөбаев мыйзам долбооруна өтө өкүндү

Кыргызча түшүндүрө албайсыңар, же орусча түшүндүрө албайсыңар, өтө өкүнүчтүү. Мына бул жакта аким, губернатор, өкмөттө иштегендер бул мыйзамдын канчалык деңгээлде керек экендигин билип жатышат. Бул мыйзам азыркы алып келгениңер менен палатадан өтпөйт. Эми экинчи окууда элге барып түшүндүрүп кайра алып келгиле! Мындай кайрылууну Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып жаткан маалда Айыл-чарба министрлигине жолдоду.

Бул жер кодексине жана “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору коомчулукта жана парламентте эки  ача пикирди жаратууда.

Ал ортодо бул мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан депутаттардын бири Султанбай Айжигитов кесиптеши Балбак Түлөбаевдин губернатор катары иштеп кеткен адам катары бул мыйзамды колдойм дегенине жооп кайтарды.

“Балбак Зарлыкович, сиз көп болсо 1 жыл губернатор болуп иштегендирсиз, мен болсо 5 жыл губернатор болуп иштеген адам катары бул мыйзамды колдобойм, элге кереги жок мыйзам”- деди.

Ар кандай талкуудан кийин  аталган мыйзам долбоору кайрадан экинчи окууга кайтарылды.

Мыйзам долбоору жайыттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга, жеке жана юридикалык жактарга жайыттарды мергенчилик, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды чогултуу, туризм, балык уулоо үчүн жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен 5 жылдык мөөнөткө (20 жылга чейин узарттуу мүмкүнчүлүгү менен) пайдаланууга берүү каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>