БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Фарид Ниязов: Октябрь окуясында жабыркагандарды сотко чакыруу керек
13.04.2022 | 11:26
Октябрь окуясы боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда уланып, айыпталуучулардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да бар.
Экс-өлкө башчы сотко алып келинген жок.
Фарид Ниязов процессти кийинкиге жылдыруу демилгесин колдой турганын, бирок Октябрь окуясында окко учкандар жабырлануучу деп табылмайынча процесс башталбай турганын билдирди.
«Бул адамдар ар кандай жаракаттарды алышкан, аларсыз процессти кантип баштоого болот?», – деди ал.
Ага судья жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, алар сотко арыз жазыш керек деп жооп берди.
Ниязов буга каршы чыгып, алардын айткандары кылмыш ишинде камтылганын белгиледи.
Сот отуруму 15-апрелге саат 10:00гө жылдырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар