Ала-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришиштиКара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалды
Атамбаев менен Матраимов абактан добуш беришти
11.04.2021 | 11:56
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого жана референдумга добуш беришти.
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, алар жарандык милдетин 10-апрелде кармалган жерде (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын No47 түзөтүү колониясында) мөөнөтүнөн мурда аткарышты.
Кыргызстанда 11-апрелде таңкы саат 8.00дө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды.
Шайлоо 28 шаарда жана 420 айылда өтүп жатат. Бишкекте шаардык кеңештин мандатына 25 партия катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат