КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулат
Атамбаев менен Матраимов абактан добуш беришти
11.04.2021 | 11:56
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого жана референдумга добуш беришти.
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, алар жарандык милдетин 10-апрелде кармалган жерде (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын No47 түзөтүү колониясында) мөөнөтүнөн мурда аткарышты.
Кыргызстанда 11-апрелде таңкы саат 8.00дө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды.
Шайлоо 28 шаарда жана 420 айылда өтүп жатат. Бишкекте шаардык кеңештин мандатына 25 партия катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат