Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев камакка алынды

19.08.2019 | 16:03

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев бир жарым айга камакка алынды. Бул туурасында ИИМден кабарлашканын «sputnik.kg» жазып чыкты.

Ички иштер министрлиги мекеме аралык иликтөө тобу Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

“Фархад Баабиев 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкка катышканы белгилүү болду. 16-августта ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандыкка катышуу”) иш козголду. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, ушул жылдын 9-октябрына чейин абакта калтырды”, — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеде Баабиевдин кайсы абакта экендиги такталган эмес.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, ал КСДП партиясынын Ленин районундагы өкүлү катары Атамбаевди коргоого активдүү катышып келген.

Scroll to Top