Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү

Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко келип түштү. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдиргенин «Азаттык» жазды.

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешелүү иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.

«Атамбаев мектептин курулушу тууралуу кагазга «макулмун» деп кол коюп берген. Бул өкмөттүн чечкен маселеси болчу. Анын үстүнө насыя эмес, Кытайдын грантына курулган. Мектеп Калыс-Ордого эмес, Өзгөнгө же Москва районуна курулушу керек болчу деген негизде иш козгоп жатышат», — деди адвокат.

Калыс-Ордодогу мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон.

Учурда №47 колонияда жаткан Алмазбек Атамбаев 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы башаламандыкка, коррупцияга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишине байланыштуу да айыпталган.

Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп 11 жылга эркинен ажыратылган. «Кой-Таш иши» боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот уланууда.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>