Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдө
28.02.2024 | 14:18
Жогорку Кеңештин депутаттары – Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгышкан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, айрым маалыматтарга караганда эл өкүлдөрү экөө тең өлкөдөн чыгып кетишти.
Алардын бул кадамы депутаттык мандатын сактоо аракети катары баланууда.
Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновду бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырышат.
Акыркы айда Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен бирге мурда бажыда иштеген депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатынан айрылды.
Атазов менен Искендер Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом