Атазов менен Искендер Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

Атазов менен Искендер Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен экс-депутат Искендер Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, учурда күч түзүмдөрү аларды таба албай жатат. Алдын ала маалымат боюнча Атазов менен Матраимов өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондой эле депутат Айбек Осмоновдун жүргөн жери белгисиз болууда. Ал өлкөдөн чыгып кеткени же Кыргызстанда экени беймаалым.

Күз түзүмдөрү аларды эмнеге издеп жатканы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, Искендер Матраимов — Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. 2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Быйыл 26-январда Матраимов УКМК тарабынан издөөгө алынган.

Андан кийин Матраимов менен байланышы бар делген депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырган.

Искендер Матраимов жана анын иниси менен байланышы бар делген дагы бир депутат Нурлан Ражабалиев мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазып, 22-февралда БШК аларды мандатынан ажыраткан.

Ошондой эле эл арасында Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновдун Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени айтылып жүрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>