Депутат Айбек Осмонов чет өлкөдө жүргөнүн ырастады

Депутат Айбек Осмонов чет өлкөдө жүргөнүн ырастады

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов  бир аптадан бери Түркияда дарыланууда. Бул тууралуу ал Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын февраль айында ден соолугуна көңүл бөлүп, медициналык кароодон өтөт.

«Мен Түркияга келгенимдин эч кандай саясый себеби жок. Былтыры,  мурдагы жылдары дагы ушул мезгилде дарыланууга кеткенмин.  Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бардыгы ден соолугуна байланыштуу жумуштан уруксат алып кетсе болот. Аз күндө кайра Кыргызстанга барып калам”, — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин Айбек Осмонов менен дагы бир депутат Шайлообек Атазов өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Алардын бул кадамы мандатын сактоо аракети катары баланууда.

Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>