Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Автобус көп, газ куюучу станция бирөө. Автобустардын узун кезеги талкууда
21.09.2023 | 10:50
Бишкекке алынып келген автобустар үчүн газ куюуучу станция бирөө гана болгондуктан, айдоочулар кезекте турууга убакыт коротуп, газ толтурууга аргасыз болууда. Бул тууралуу шаар тургуну Максим Золотых “Инстаграмдагы” баракчасында билдирди.
Ал бөлүшкөн видеодон кечинде газ куйдуруу үчүн кезекте турган автобустарды көрүүгө болот. Айдоочулардын айтымында, алар кезек күтүп, газ толтуруп кетүүгө 1 саат коротот.
“Менимче айдоочулар газ куюуучу станцияда кезек күтүп, убактысын коротпош керек. Бул үчүн аларга кошумча акча төлөп беришет болду бекен?”, – дейт ал.
Аны менен бирге Максим Золотых автобустар үчүн дагы бир же эки газ куюучу станция куруу керектигин белгилеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом