Мадумаровдун иши: Комиссия түзүүгө кайсы депутаттар каршы добуш берди. Тизме

Мадумаровдун иши: Комиссия түзүүгө кайсы депутаттар каршы добуш берди. Тизме

Парламентте Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушуна каршы добуш берген депутаттар кимдер экени белгилүү болду. Макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмеси Мадумаровдун Telegram-каналында жарыяланды. 

Эскерте кетсек, 20-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, тиешелүү токтом добушка коюлган. Бирок жетиштүү добуш ала албай, сунуш өткөн эмес. Комиссия түзүүгө 40 депутат макул, 11 депутат каршы добуш берген. Ал эми сунуш токтом өтүшү үчүн кеминде 46 депутаттын макулдугу керек болгон.

Комиссия түзүүгө макул жана каршы добуш берген депутаттардын тизмеси:

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Мадумаров кармалган күнү депутат Гуля Кожокулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.

6-сентябрда парламенттин жыйында Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.

Ошондой эле Кожомкулова ИИМ кызматкерлери Мадумаровду кармаганда, саясатчынын 13 жаштагы уулун да кармап кетип, аны ИИМдин тергөө абагында 3 саат кармап отурганын билдирип, укук коргоо органдарынын иш-аракетин сындаган.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынган.

Парламент Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү колдогон жок

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>