Автоунаасын алдап алып, башкага сатып жиберген. Шектүү кармалды

Автоунаасын алдап алып, башкага сатып жиберген. Шектүү кармалды

Бишкекте жарандын кымбат автоунаасын алдамчылык менен алып, башка бирөөгө сатып жиберүүгө шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга Ж.И. аттуу эркек киши кайрылып, 2024-жылдын 13-декабрында Ж.Г. аттуу жаран (аял) анын 68 миң долларга бааланган “Lexus RX 350” үлгүсүндөгү унаасын алдап алып, башка бирөөгө сатып ийгенин билдирген. Анын айтымында, аял анын унаасын сатып, түшкөн акчага Түркиядан алтын алып келип сатып, андан кийин унаанын акчасын пайыздары менен кайтарып берүүнү убада кылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, шектүү катары 51 жаштагы Ж.Г. кармалган. Сот аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 1 айга камоо чечимин чыгарган.

Тергөөдө шектүүнүн ушул сыяктуу дагы 2 кылмышка тиешеси бар экендиги белгилүү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>